АКШ-Кытай: Президенттерин жолугуштурууну макулдашты

Автор

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И америкалык тарап менен Жо Байден жана Си Цзиньпиндин жолугушуусун Сан-Францискодо биргелешип уюштурууну макулдашканын билдирди.
«Эки тарап тең Кытай-Америка мамилелери мүмкүн болушунча тезирээк турукташып, жакшыртууга умтулат деп үмүттөнүшөт»,-деди Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Вашингтондо АКШ жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында. Ошого эле учурда дипломат “Сан-Франциского баруучу жол жылмакай болбойт” деп баса белгиледи.
Эске салсак, июнь айында АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен Пекинге болгон сапарынан бир күн өткөндөн кийин президент Жо Байден Си Цзиньпинди диктатор деп атаган. Кытай тарап анын билдирүүсүн абсурд жана өтө жоопкерчиликсиз деп катуу нааразычылыгын билдирген.
Сентябрда Кытай лидери G20 саммитине барбай турганын айтканда да Байден көңүлү калганын баса белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен машыгуулар өткөрүлдү

Президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн “Эдельвейс” аскер полигонунда өткөн көрсөтмөлүү тактикалык-саптык машыгууларга катышты. Машыгуунун алдында Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын куралдануусунда турган жаңы аскердик техниканын, учкучсуз учуучу аппараттардын, инженердик, радиоэлектрондук күрөштүн каражаттарынын жана атылуучу куралдардын үлгүлөрү, анын ичинде атамекендик өндүрүштөн чыккан бронемашиналар […]

Сизге жагышы мүмкүн