АКШ коргоо министри күтүүсүз сапары менен Киевге келди

Автор

АКШ коргоо министри Ллойд Остин күтүүсүз сапары менен Киевге келди. Анын сапары мурда жарыяланган эмес.
CNNдин маалыматы боюнча, Остин Украина президенти Владимир Зеленский жана коргоо министри Рустем Умеров менен жолугушат. Жолугушууда Украинанын куралга болгон муктаждыктары талкууланары күтүлүүдө.
Сапары учурунда Пентагондун башчысы Ллойд Остин Украинага жаңы аскердик жардам көрсөтүлөрүн жарыялоону пландаган жок. Маалыматтарга караганда, бул Остиндин коргоо министри катары Киевге акыркы жолу сапары болушу мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Албанияда 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпионаты башталат

Бүгүн, 21-октябрь күнү Албаниянын Тирана шаарында грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спор департаментинен билдиришти. Мааалымаатка ылайык, бүгүн килемде грек-рим күрөшү боюнча 60, 67, 72, 82, 97 кг салмак категориясында беттештер өтөт. Кыргызстандын атынан беш балбан килемге чыгат: 60 кг: Акыл Сулайманов – Абуладзе […]

Сизге жагышы мүмкүн