АКШнын Коргоо министрлиги Украинанын маанилүү коопсуздук жана коргонуу муктаждыктарына кошумча жардамын жарыялады.
Жаңы аскердик жардам пакетине Patriot баштаган абадан коргонуу системалары үчүн ок-дарылар, ракеталар, артиллерия жана танк снаряддары, учак ракеталары, 30 миллиондон ашык ок атуучу куралдардын ок-дары, учкучсуз учуучу аппараттар үчүн ок-дарылар, минадан тазалоо системалары, түнкү көрүү аппараттары, ар кандай талаа жабдуулары кирет.
АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби Украина жайында чабуулга өтөөрүн айткан.