АКШ жарандарын Беларусиядан дароо чыгып кетүүгө чакырды

Автор

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарандарын Беларусиядан дароо чыгып кетүүгө, ал жакка баруудан баш тартууга чакырды. Вашингтондун бул сунуштары беларус бийлигинин жергиликтүү мыйзамдарды өзүм билемдик менен колдонушу, кармалып калуу коркунучу жана мүмкүн болгон жарандык баш аламандыктар менен түшүндүрүлдү.
Беларусияга барбоо боюнча сунушунун себептеринин арасында Минскинин Россиянын атайын аскердик операциясын колдоосу да көрсөтүлгөн. Ошондой эле АКШнын жарандарга жардам көрсөтүү боюнча элчиликтин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экени айтылган.
2022-жылдын февралынан көп өтпөй Мамдепартамент Минскидеги элчиликтин ишин токтоткон. Беларусияда жүргөн америкалыктарга башка өлкөдөгү АКШ элчилигине же консулдугуна кайрылып, кызматтарды алуу сунушталган.

Бөлүшүү:
Next Post

24-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7, Баткен, […]

Сизге жагышы мүмкүн