АКШ жана союздаштары Израил менен Хезболланы ок атышууну токтотууга чакырды

Автор

АКШ жана алардын союздаштары Израил менен “Хезболла” ортосундагы ок атышууну токтотууга чакырды
АКШ, Франция жана башка союздаштар Израил менен Ливандын чек арасында 21 күнгө ок атышууну токтотууга чакырышты. Америкалык аткаминердин айтымында, убактылуу тынчтык келишими аймактагы туруктуу тынчтыкты орнотууга жардам бермек.
«Биз ливан-израиль чек арасында дипломатияга жол берүү үчүн 21 күндүк ок атышууну токтотууга чакырабыз. Биз Израил жана Ливан өкмөттөрүн ок атышууну токтотууга макул болууга чакырабыз»,-деп айтылат билдирүүдө.
АКШ президентинин администрациясы Франция жана Жакынкы Чыгыштагы араб союздаштары менен келишим түзүү боюнча иш алып барган. Документтин талкууланышы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында болгон. Ак сарайдын маалыматына ылайык, келишимди Германия, Австралия, Канада, Сауд Арабиясы жана Катар дагы колдогон.

Бөлүшүү:
Next Post

Айымдарга гүл бергиле! Гүлдөрдүн таасири айтылды

Гүл берүү аялдардын сезимдерин, урмат-сыйларын сөзсүз билдирүүсүнө шарт түзүп, адамдардын ортосундагы байланышты бекемдейт. Гүлдөр – ар кандай мейкиндикти өзгөртө ала турган жандуу жана кооз жасалга. Гүлдесте алган айымдардын көңүлү көтөрүлуп, жарпы жызылат. Сүйүүнү символдоштурган кылдаттык менен тандалып алынган гүлдестеси аялды каалагандай жана сүйүктүү сезиши мүмкүн. Бул бакыт жана ыраазылык сезимин […]

Сизге жагышы мүмкүн