АКШ Жакынкы Чыгышка атомдук суу астында жүрүүчү кайык жөнөтүлөөрүн билдирди

Автор

Пентагондун башчысы Ллойд Остин Израилдин коргоо министри Йоав Галант менен телефон аркылуу сүйлөшүп, АКШнын колдоосун ырастады. Ал аймакка башкарылуучу ракеталар менен жабдылган Georgia атомдук суу астында жүрүүчү кайыгын жөнөтүүнү тапшырды.
Жакынкы Чыгыштагы абал Тегеранда Палестиналык «Хамас» кыймылынын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хани жана Бейрутта ливандык «Хезболла» кыймылынын аскердик канатынын командирлеринин бири Фуад Шукранын өлтүрүлүшүнөн кийин курчуду.
Иран, «Хамас» жана «Хезболла» бул үчүн Израилди айыптап жатышат. Иран бийлиги жана «Хезболла» Израилге жооп кайтаруу менен коркутушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Запорожье АЭСинде чоң өрт чыкты

Украина президенти Владимир Зеленский бул окуяга Россиянын аскерлерин айыптады. Ал эми Москва бул үчүн Украинаны күнөөлөдү. Владимир Зеленский окуя тууралуу Telegram-каналы аркылуу маалыматында “Дүйнөнүн реакциясын, МАГАТЭнин реакциясын күтүп жатабыз. Россия буга жооп бериши керек. Запорожье станциясына украиналык көзөмөл гана нормалдуулукту жана толук коопсуздукту кайтарып бере алат”,-деди. Запорожье облусунун Россия алган […]

Сизге жагышы мүмкүн