АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер күчтөрүн жайгаштырды. Аскер-деңиз флотунун 5-флотунун басма сөз кызматы маалымдагандай, “Батаан” жана “Картер Холл” десанттык кораблдеринин бортунда 3 миңден ашык аскер жөнөтүлгөн.
Аймакка АКШнын Аскер-деңиз флотунун жана деңиз жөө аскерлеринин кошумча кызматкерлери гана эмес, учактар, тик учактар, десанттык түзүмдөр өткөрүлө турганы белгиленди.
Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер белгилегендей, жөнөтүү Иран менен кагылышууга даярдык көрүү дегенди билдирбейт.
Маалымат каражаттары кошумча күчтөр эл аралык сооданын эркин агымын коргоого, эл аралык тартипти сактоого жана Ирандын туруксуздаштыруучу иш-аракеттерин токтотууга жардам бере турган уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берерин жазып чыкты.