АКШ Газа тилкесинин тургундарына гуманитардык жардам жеткирүү боюнча биринчи операциясын аскердик учактар аркылуу өткөрдү.
Американын үч С-130 учагы БУУнун маалыматы боюнча, аз дегенде 576 миң адам ачарчылыктан бир кадам жакын турган аймакка 38 миңден ашык тамак жеткирди. Контейнерлер парашют менен түшүрүлгөн. 1-мартта АКШнын президенти Жо Байден Газага гуманитардык жардамды аба аркылуу жеткирүү планын жарыялаган.