АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоого даярданууда

Автор

АКШнын президенти Жо Байден БУУнун Коопсуздук кеңешинин структурасын өзгөртүүнү сунуштайт. Ал беш-алты өлкөнү кошууну каалайт. Бул тууралуу Ак сарайдын стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдирди.
“Биз Коопсуздук кеңешинин түзүмү маселесин көтөрүүгө убакыт келди деп эсептей турганыбызды ачык айттык”,-деди Кирби.
Бул сунуш БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында жарыяланышы пландалууда. Байден БУУнун Коопсуздук Кеңешине Индия, Бразилия, Германия, Япония жана Түштүк Африканы кошкондо беш-алты жаңы туруктуу мүчө киргизүүнү талап кылууда.
Учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болуп Россия, Улуу Британия, Кытай, АКШ жана Франция саналат. Алардын гана вето укугу бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров  БУУнун саммитинде сөз сүйлөдү

«БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары өлкөнүн мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү улуттук стратегиясына киргизилген», – деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча Саммитинде сүйлөп жатып, белгиледи. Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Күн тартиби-2030” – бүгүнкү жана келечек муундар үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн