АКШ армиясынын атайын операциялар боюнча командачылыгы машыгууларда россиялык өндүрүштөгү Ми-17 тик учагы колдонулганын билдирди.
“Бул жөн гана машыгуу. Коопсуздук кызыкчылыгына байланыштуу биз анын чоо-жайын ачыкка чыгара албайбыз”,-деп билдирди АКШнын атайын операциялар боюнча командачылыгы.
Буга чейин америкалык ММКлар Түштүк Каролина штатындагы аэропортто россиялык өндүрүштөгү тик учакты байкашканын жазышкан.