АКШ Али Токтакуновду сыйлады

Автор

Журналист Али Токтакунов “Коррупцияга каршы күрөштүн” чемпиону болду. Ага сыйлыкты АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен тапшырды.
Мамлекеттик катчы кыргыз журналистине сыйлык тапшырып жатып, “Али Токтакунов көз-карандысыз “Медиа Хабтын” жетекчиси. Аталган медиа коррупцияны ачыктап, жаштар арасында сабаттуулукту жогорулатуу максатында семинарларды өткөзүп турат”,- деген. Американын мамлекеттик департаменти дүйнө жүзүндөгү коррупцияны ооздуктоодо кайратмандык көрсөтүп, аны ачыкка чыгарууда талбай эмгектенген жана жыйынтык көрсөткөн 11 адамды сыйлады.
Бул сыйлык 2021-жылда негизделип, 2 жыл аралыгында 32 адам сыйлыкка татыктуу болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент радио жана телевидение кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. «Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Телеберүү жана радио тармагынын кызматкерлери өлкөнүн улуттук биримдигин, коомдун туруктуулугун, ынтымакты сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү, калктын көз карандысыз […]

Сизге жагышы мүмкүн