Акшумкарлар сентябрь айында Иран, Өзбекстан курамы менен беттешет
Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө
турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына Түркияда даярданат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн курама командасы 5-сентябрда Ирандын, 10-сентябрда Өзбекстандын спортчулары менен беттешет.
Бул беттештерге даярдануу максатында курама команда 23-августтан тартып Түркиянын
Стамбул шаарында окуу-машыгуу өткөрөт. Андан кийин 2-сентябрда Иранга бет алат.