Акшумкарлар Жалал-Абаддагы “Барселона” академиясында машыгуу өткөрөт

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу үчүн Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, футболчуларды “Жалал-Абад” аэропортунан шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңшинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, спортчулар жана футболчулардын күйөрмандары тосуп алды.

Улуттук курама команда Жалал-Абаддагы “Барселона” академиясында машыгуу өткөрөт. Машыгуу 4-июнга чейин уланат.

Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курама команда, Дүйнө чемпиондугуна жана Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында июнь айында Малазия жана Оман менен беттеш өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын түштүк аймактарында сел жүрүү коркунучу бар

Алдыда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-майда күндүн экинчи жарымында Баткен облусунда тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, 29-30-майда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн