“Акшумкарлар”  дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат

Автор

Кыргызстандын курама командасы ноябрь айында 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына түштү. Ноябрдын орто ченинде дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алгачкы эки беттеши өтөт.

“16-ноябрда башкы машыктыруучу Стефан Таркович баш болгон улуттук курама конокто болуп, Малайзия курама командасы менен беттешет. Тандоо турунун алкагында биздин команданын биринчи беттеши Куала-Лумпур шаарындагы (Малайзия) Букит Жалил стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө “Кыргыз спорт ТВ” телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле “Дордой плаза” соода борборунда улуттук курама команданын күйөрмандары үчүн фан-зона уюштурулат”, — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Кремль Байден менен сүйлөшүүлөрдүн шартын атады

Россия менен АКШнын лидерлеринин жолугушуусу эки тараптын каалоосу жана даярдыгы болсо мүмкүн. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков теле алып баруучу Павел Зарубинге билдирди. Анын айтымында саммитти уюштуруу үчүн АКШ лидери Жо Байден Украина кризиси боюнча пикирин өзгөртүүсү керек. Ошол эле учурда Владимир Путин бардык байланыштарга даяр […]

Сизге жагышы мүмкүн