Кыргызстан футбол курама командасы Афганистандын улуттук курама командасын 1:0 эсебинде жеңди.
Беттеш Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюндун негизги бөлүгү 0:0 эсебинде аяктады. Кошумча берилген убакыттын акыркы мүнөттөрүндө кыргызстандык чабуулчу Эрнист Батырканов атаандаштын дарбазасына гол киргизип, өзүнүн командасын алдыга алып чыкты.
Ошентип, оюн Кыргызстандын пайдасына 1:0 эсеби менен аяктады.