“Ак шумкарлар” арабиялыктардан минималдуу эсеп менен жеңилип калды

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы командасы Бириккен Араб Эмираттар (БАЭ) курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Беттештин алгачкы бөлүгүнүн жүрүшүндө бир катар кооптуу учурлар жаралса да эсеп саны ачылган жок. Экинчи таймдын негизги бөлүгүнүн аягында калыс “Ак шумкарлардын” дарбазасына 11 метрлик айып соккусун дайындап, эсеп санын атаандаштар ачты.
Ошентип, “БАЭ — Кыргызстан” оюну 1-0 эсеби жана талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.
Кошумчалай кетсек, оюн келе жаткан Азия Кубогуна болгон даярдыктын алкагында Абу-Дабинин Mohammed Bin Zayed стадионунда өттү.

Бөлүшүү:
Next Post

Айдоочулардын эсине!«Ала-Тоо» аянты жаңы жылга карата жабылды

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты бүгүнтөн тарта жабылды. Мындай чара жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Аянт 2024-жылдын 1-январынын таңына чейин жабык болот. Унаа кыймылы Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин токтотулат. Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул милиция башкармалыгынын 105 кызматкери жеринде нөөмөттө болот. […]

Сизге жагышы мүмкүн