“Акшумкарлар” Азия кубогуна жолдомо утту

Автор

Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттеши аяктады. Беттеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде болуп өттү.
Оюн курамалардын 1:1 эсебинде тең чыгуусу менен аяктап, жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курамасы 2027 Азия кубогуна жолдомо жана тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундуна чыгуусун камсыздады.
Жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда Кыргызстандын курамасы 11 упай менен экинчи орунду ээледи. Оман 13 упай менен биринчи орунда, Малайзия 10 упай менен үчүнчү орунда, Кытайлык Тайбэй 0 упай менен акыркы орунда.
Экинчи раундунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты эки курама 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алып, 2026-жылкы дүйнө чемпионатына болгон жолдомого күрөшүн улантат.

Бөлүшүү:
Next Post

Европа Биримдиги Украинага Россиянын тоңдурулган активдеринен бөлөт

Европа Биримдиги июль айында Украинага Россиянын тоңдурулган активдеринен 1,5 миллиард евро бөлүүнү пландап жатат. Бул акчанын 90 пайызы Украина коргоо күчтөрүн чыңдоого, 10 пайызы өлкөнү калыбына келтирүүгө жумшалат. Бул тууралуу Берлиндеги эл аралык конференцияда Европа Комиссиясынын (ЕК) төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирди. Май айында ЕС өлкөлөрү Россиянын активдерин Украина […]

Сизге жагышы мүмкүн