“Акшумкарлардын” машыктыруучусу Штефан Таркович кызматынан кетти

Автор

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович келишими аяктаганына байланыштуу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Штефан Тарковичтин Кыргыз футбол биримдиги менен келишими 2024-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. Мындан улам футбол биримдигинин жетекчилиги, словакиялык адис менен келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кызматташууну токтотуу жөнүндө чечимин кабыл алган. Башкы машыктыруучу менен бирге улуттук курама командадан анын машыктыруучулук штабы толугу менен кетти.
Бүгүн, 13-июнда КФБ президенти Камчыбек Ташиев Штефан Таркович жетектеген машыктыруучулар штабынын бардык мүчөлөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө биримдиктин жетекчиси кабыл алынган чечимди жеткирип, ошондой эле жеке өзүнүн жана өлкөнүн футбол коомчулугунун атынан, адистин натыйжалуу ишмердүүлүгү жана команданын жетишкендиктери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.
Биримдиктен билдиришкендей, КР улуттук курама командасы 2027-жылкы Азия кубогунун жана 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо баскычын жыйынтыктап, мөөнөттөн мурда Азия биринчилигине жолдомо алып, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына чыгуу үчүн күрөштү улантуу мүмкүнчүлүгүн камсыздады.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Германияда Европа чемпионаты башталат

2024-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Германияда 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Мелдеште кожоюн өлкө катары Германия курама командасы да катышат. Немистер үчүн бул Европа чемпионаты катары менен 14-чемпионат болмокчу. Калган 23 жолдомо 53 команда катышкан квалификациялык турнир аркылуу ойнотулду. 20 команда түз негизги турнирге, дагы үчөө плей-офф аркылуу өттү. Финалдык этапта […]

Сизге жагышы мүмкүн