АКШнын 47-президентинин инаугурациясы кандай өтөт?

Автор

Дональд Трамп Ак сарайга кайтууга даярданууда. Республикачыл лидер дем алыш күндөрүн Вашингтондо өткөрүп, бир катар иш-чараларга катышты. Бирок инаугурациянын жүрүшү пландан тышкары болуп калды. Капитолийдин алдында ант берүү аземин көрүү үчүн 250 миң киши билет алган. Бирок Вашингтондо суук түшкөндүктөн жаңы президент тегерек залда ант берүү чечимин кабыл алды. Колдоочуларга иш-чараны 20 миң кишиге ылайыкташкан стадиондон көрүү сунушталды.
Инаугурацияга даярдануу үчүн шаар полициясы жаңы тик учак сатып алды. Бийлик Вашингтондогу 3 миңден ашык полиция кызматкерин, башка аймактардан келген дагы 4 миң укук коргоочуну жана 8 миң улуттук гвардиячыларды тартты. Алардын бронетранспортерлору шаардын бир нече көчөлөрүндө жайгаштырылган. «Ак сарай, Капитолий жана “Кэпитал Уан Арена” аймактары толугу менен жабылган.
Инаугурация күндөрү мейманканалар, адатта, 95 пайыз толот. Бирок бул жолу көрсөткүч 70 пайызга гана жеткен. Туристтерге инаугурацияны онлайн көрүү сунушталууда.
Бул жолу Трамп Рональд Рейгандын жолун кайталап, Капитолийдин ичинде ант берет. Залга 2 миң гана конок кире алат. 2017-жылдагыдай эле Трамп колун Инжилдин үстүнө коюп, ант берет.
Президенттин күн тартиби
Байден менен сый тамак андан кийин Москванын убактысы боюнча саат 20:00дө ант берет. Кийин президент опера ырчыларынын, аскердик хордун ырларына күбө болот жана ар кайсы диний өкүлдөрдүн баталарын алат. Андан соң ал биринчи жарлыктарын кол коёт.
Республикачылардын кеңешчиси Жейсон Миллер Fox News телеканалына «Алгач мурунку администрациянын чектөөлөрү жокко чыгарылат. Трамп мунай өндүрүшүн көбөйтүп, күйүүчү майдын баасын төмөндөтөт. Ошондой эле бюджетти үнөмдөп, иммигранттарды өлкөдөн чыгарып, чек араны күчтөндүрүүгө басым жасайт»,- деп билдирди.
Кечинде Трамп “Кэпитал Уан Аренада” чогулган 20 миң тарапташы катышкан иш-чарага катышат.
Жо Байден ант берүү аземине жубайы менен катышып, Трамп ант бергенден кийин кызматын тапшырат.

Бөлүшүү:

You May Like