АКШнын мурдагы президенти Жимми Картер 100 жаш курагында көз жумду.
АКШнын президенти Жо Байден жана шайланган өлкө башчысы Дональд Трамп 39-президент Жимми Картердин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтышты. Жо Байден Картерди мыкты лидер жана гуманист деп атады. Ал эми Дональд Трамп «Жимми Картардын америкалыктардын жашоосун жакшыртууга болгон аракеттери үчүн бардыгы ыраазычылык билдириши керек»,-деп белгиледи.
Жимми Картер 1976-жылы Демократиялык партиядан президент болуп шайланган. Ага чейин ал Жоржия штатынын губернатору жана сенатор болгон. 1980-жылдагы шайлоодо Картер республикачыл Рональд Рейганга жеңилип, кийин Картер борборун негиздеген. Бул борбор укук коргоо жана кайрымдуулук иштерин жүргүзөт.
2002-жылы Картер Нобель тынчтык сыйлыгын алган. Сыйлыктын негизинде ага «дүйнө жүзүндөгү жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүгө жана адам укуктары үчүн күрөшүүгө кошкон салымы үчүн» берилген.
2015-жылы Жимми Картерге онкологиялык ооруу диагнозу коюлган. 2023-жылы ал дарылоодон баш тартып, өмүрүнүн акыркы күндөрүн Жоржия штатындагы Плейнс шаарындагы үйүндө өткөрүүнү чечкен.
2019-жылы Картер АКШнын эң узак жашаган президенти болду. 2024-жылдын 1-октябрында Картер 100 жашка толгон.