АКШнын Өкүлдөр палатасы Киевге 61 миллиард доллар бөлүүгө макул болду

Автор

Америка Конгрессинин төмөнкү палатасы спикер Майк Жонсон даярдаган, Киевге аскердик жардам көрсөтүү үчүн кошумча каражат бөлүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Документте 60,8 миллиард доллар каржылоо каралган.
Президентке ошондой эле ATACMS алыскы аралыкка учуучу ракеталарды Украинага өткөрүп берүү сунушталды.
Эми документ Сенатка жөнөтүлөт, ал өткөндөн кийин Жо Байденге кол коюуга жөнөтүлөт.
Мыйзам күчүнө киргенден кийин дароо Киевге курал жөнөтүү ниетин Пентагон буга чейин билдирген эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламенттен дагы бир депутат кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусупов мандатынан ажырады. Бүгүн, 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы анын берген арызын карап, канаттандыраары маалымдалды. Эмил Жусупов “Ишеним” партиясынан депутат болгон. Өлкөдөгү ири курулуштардын катарын толуктаган “Эмакомду” негиздеген. Акыркы жылдары анын компаниясынан алданып калгандар укук коргоо органдарына кайрылып, жоопко тартууну суранып келишкен. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн