Трамп Сидар Рапидс (Айова штаты) шаарында сүйлөгөн сөзүндө Жо Байден америкалык демократияны талкалап жатканын айтты. “Бул кампания биздин республиканы Байденден жана Байдендин администрациясындагы кылмышкерлерден бошотуу үчүн адилеттүү крест жортуулу”,-деди Трамп.
Апрелдин ортосунда АКШнын азыркы президенти Жо Байден 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын расмий жарыялаган. Ошол эле маалда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп дагы мамлекет башчылыгына кайрадан ат салышууну көздөп, шайлоо өнөктүгүн баштады.
АКШнын президенттигине үчүнчү талапкер Дональд Трамптын партиялашы Никки Хейли болушу мүмкүн.