АКШнын Сенаты Марк Рубиону мамлекеттик катчы кылып бекитти

Автор

АКШ Сенаты Марко Рубионун мамлекеттик катчы кызматына талапкерлигин бекитти. Бул АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясындагы жогорку кызматтагы мүчөнү дайындоо боюнча Сенаттын алгачкы чечими болуп калды. Рубио үчүн 99 сенатор добуш берип, бири да каршы чыккан жок.
53 жаштагы Рубио Майамиде кубалык мигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Флорида университетинде саясий илимдер боюнча бакалавр даражасын жана юридикалык илимдер доктору даражасын алган. 2010-жылы Флорида штатынан сенатор болуп шайланып, эки жолу кайрадан шайланган. 2015-жылы АКШ президенти кызматына талапкерлигин коёрун билдирген, бирок кийин Дональд Трамптын талапкерлигин колдогон.

Бөлүшүү:
Next Post

Лионель Месси дүйнөлүк чемпионатка катышуу тууралуу суроого жооп берди

“Интер Майами” клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси дүйнө чемпионатына катышуу мүмкүндүгү тууралуу суроого жооп берди. Белгилей кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы жайында АКШ, Мексика жана Канадада өтөт. – Жыл жаңы эле башталып жатат, чоң каалоо, эргүү менен баштадым. Мен өзүмдү жакшы сезем жана расмий матчтарга эң жакшы формада болуу […]

You May Like