Мөөнөтүнүн аяктарына 22 жума калган учурда АКШнын президенти Жо Байден блогерлер менен жолугуп, жумуш издеп жатканын айтты.
“Баарыңар мени тамашалап жатат деп ойлойсуңар”,-деди. .
Онлайн-контент жаратуучулар менен жолугушуу учурунда, неберелеринин сүйүктүү жаңылык булагы деп тамашалаган Байден “Сиздер биз баарлашуунун динамикасын өзгөртө турган чоң ачылыш жасап жатасыздар. Дал ушул себептен мен сиздерди Ак сарайга чакырдым. Анткени мен жумуш издеп жатам”, – деди ал чогулгандарга. Залда күлкү жараткан президент өзүн санариптик контент жаратуучу катары элестете алаарын билдирди.