АКШнын президенти Жо Байден 7-октябрда Израилде ХАМАСтын чабуулунан атасы кантип аман калганын айтып берди.
“7-октябрдан кийин, атам… Атам үйүндө калган нерселерди сактап калуу үчүн кайтып келди”,-деди Байден Ак үйдө еврейлердин Ханукка майрамы менен куттуктап жатып.
АКШнын 81 жаштагы президенти кол салууда баласын жоготуп алган адамдын окуясы айтып, жаңылыш “атам” деп алган.
Байден көп учурда телесуфлерди туура эмес окугандыктан тилден жаңылып калат.
АКШ президентинин атасы 2002-жылы каза болгон.