АКШнын мамлекеттик катчысы Киевде гитара менен ырдады

Автор

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевдеги бардын сахнасында гитара менен ырдады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевдеги “Бармен Диктат” барында жергиликтүү 19.99 тобу менен канадалык-америкалык музыкант Нил Янгдын ырын аткарды.
“АКШ сиздер менен. Алар бир гана эркин Украина үчүн эмес, эркин дүйнө үчүн күрөшүп жатышат”,-деди ал сахнада. Ал жайда жергиликтүү тургундар жана айрым америкалык дипломаттар болду.
Блинкен өзүн ышкыбоз гитарист деп эсептейт.
АКШнын мамлекеттик катчысы Киевге Польшадан түнкү поезд менен келген. Бул Украинадагы согуш башталгандан берки төртүнчү сапары.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапары менен Австрияга жөнөп кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Австрияга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө. Ошондой эле Нурланбек Шакиев Австрияда, Чехияда жана Словакияда […]

Сизге жагышы мүмкүн