АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге келди. Ал премьер-министр, өлкөнүн президенти, ошондой эле башка жогорку даражалуу расмий адамдар менен жолугушууга ниеттенүүдө.
Бир күн мурда Блинкендин Израилге сапары АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтында жарыяланган. “Мен Израилде болгонумда жогорку кызмат адамдары менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болом. Мен ушул оор күндөрдө укмуштуудай иштерди аткарып жаткан биздин элчиликтин кызматкерлери менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм»,-деди мамлекеттик катчы. Анын айтымында, Израиль сураган аскерий жардам жолго чыккан.