АКШнын Мамлекеттик департаменти Путиндин НАТО менен согушуу тууралуу эскертүүсүнө жооп берди

Автор

Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын батыштан келген узак аралыктагы куралдарды Россиянын аймагындагы буталарга колдонууга уруксат берүү НАТО өлкөлөрүнүн, анын ичинде АКШнын, Украинадагы согушка түздөн-түз катышуусуна барабар деген сөзүнө АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мэттью Миллер комментарий берди.
«Бул акыркы эки жарым жылдан бери айтып келе жаткан сөздөрүнө окшош. Чынында, бул жаңы билдирүү эмес. Биз анын айткан сөздөрүнө тыкыр көңүл бурабыз. Эгер кааласа президент Путин бүгүн бул согушту аяктай алмак. Биздин АКШнын мүмкүнчүлүктөрүн, НАТО жана дүйнө жүзү боюнча чогулган 50 мамлекеттен турган коалициянын мүмкүнчүлүктөрүн Украинага берүү жөнүндө сөз кылып жатканыбыздын жалгыз себеби Путиндин мыйзамсыз согушту улантып жатканы. Украинанын аймагын күч менен тартып алууга аракет кылып жаткандыгы»,-деди Миллер маалымат жыйынында.
«Эгерде Россиянын президенти биздин Украинага кандай мүмкүнчүлүктөрдү бере алаарыбыз жөнүндө сүйлөшүүнү каалабаса, анда бул талкууну аяктоо абдан оңой. Ал үчүн мыйзамсыз согушту токтотушу керек»,-деди ал.
Путиндин мындай куралдын колдонулушу АКШ жана НАТОнун согушка түз катышуусу болот деген билдирүүсүнө Мамлекеттик департамент даярбы деген суроого жооп берген Миллер АКШ Украинанын согушуна түздөн-түз катышпай турганын, бирок өнөктөштөрү менен бирге Украинаны коргоого жардам берүүнү уланта турганын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Путин тууралуу көп ойлонбой калганын айтты

АКШнын президенти Жо Байденден Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинага алыска атылуучу куралды колдонууга чектөөлөрдүн алынышы боюнча сөздөрүнө комментарий берүүнү суранышкан. Байдендин айтымында, ал Россиянын президенти жөнүндө көп ойлонбойт. «Мен Владимир Путин жөнүндө көп ойлонбойм»,-деди Байден Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугушуу учурунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып. Бул жолугушуунун […]

Сизге жагышы мүмкүн