АКШнын алыска жетчү куралдары менен Россиянын аймагына сокку урулушу жакынкы күндөрдө болушу мүмкүн.
Ошол эле учурда Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып, Вашингтондун уруксаты, балким, Украинанын бардык талаптарына жооп бербейт деп билдирүүдө.
Мурда The New York Times гезити АКШ президенти Жо Байден тактикалык баллистикалык ATACMS ракеталары менен Россиянын аймагына сокку урууга уруксат бергенин маалымдаган. Ак сарай Мамлекеттик департамент жана Пентагон бул боюнча ТАСС агенттигинин суроосуна азырынча жооп бере элек.