Америка Кошмо Штаттарынын карамагында космостук кемелердин сыныктары жок экенин билдирди Пентагондун басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.
Буга чейин Улуттук геокосмостук чалгындоо агенттигинин мурдагы кызматкери жана АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн ардагери Дэвид Граш Кошмо Штаттарда жерден тышкаркы космостук аппараттар бар экенин айткан. Анын айтымында, Вашингтон аларды кандайдыр бир жашыруун аскердик программанын алкагында кабыл алган имиш.
“Бүгүнкү күнгө чейин Аба күчтөрүнүн Атайын иликтөөлөр бюросу Жерден тышкаркы объекттерге ээлик кылуу же калыбына келтирүү боюнча азыр же мурда кандайдыр бир программа бар деп ырастоочу эч кандай маалыматты таба элек”,-деди ал.