АКШда алтымышынчы кезектеги жалпы шайлоо шейшемби, 5-ноябрда өтөт. Президент жана вице-президенттен тышкары, америкалыктар 33 сенаторду, Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн, 11 штаттын жана эки аймактын губернаторлорун, ошондой эле жергиликтүү башкаруу органдарын шайлайт.
Ак сарай үчүн күрөштө вице-президент Камала Харрис жана Миннесота штатынын губернатору Тим Уолц экс-президент Дональд Трамп жана Огайо штатынан сенатор Джеймс Дэвид Вэнс менен атаандашууда. Харрис учурдагы президент Жо Байдендин шайлоого катышуудан баш тарткандан кийин демократтардан талапкер болуп чыкты.
Акыркы айларда эки талапкер тең активдүү үгүт жүргүзүп, бири-бирине карата ачуу сындарды колдонуп келишет. 78 жаштагы Трамп Харристи тажрыйбанын жоктугуна айыптаса, 60 жаштагы Харрис республикачыл Трампты демократияга коркунуч келтирет деп атады.
Президенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн талапкерге шайлоочулар коллегиясынын 538 мүчөсүнүн ичинен 270инин колдоосуна ээ болуу керек. Анын курамы ар бир штаттагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрүнүн саны сенаторлордун жалпы санына (100) жана Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрүнүн санына (435) барабар. Мындан тышкары, ага Колумбия округунун үч өкүлү кирет.
Почта аркылуу 78 миллиондон ашуун америкалык добуш берип, шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн көрсөттү.