АКШда экс-президент учурдагы лидерди дебатка чакырды

Автор

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Американын учурдагы лидери Жо Байден менен ноябрь айындагы шайлоого чейин дебат өткөрүүнү кааларын айтты.
“The Dan Bongino Show” радиосуна берген маегинде “Биз дебатка чыгышыбыз керек. Биз өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн талкуулашыбыз керек”,-деди Дональд Трамп. Жо Байден Трамптын сунушу боюнча комментарийинде “Токтоосуз. Мен да анын ордунда болсом дебатка чакырмакмын. Анын башка кыла турган иши жок”,-деди. АКШнын экс-президенти негизги штаттардын бири болгон Нью-Гэмпширде республикачылардын праймеризинде 55 пайыз добуш менен жеңишке жетишти. Ал эми учурдагы лидер Жо Байден Түштүк Каролина штатында өткөн биринчи расмий демократиялык праймеризде ишенимдүү жеңишке жетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялары дайындалды (тизме)

Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине айрым жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 8 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары […]

Сизге жагышы мүмкүн