АКШда президенттикке талапкер, Республикалык партиянын өкүлү Дональд Трамп жети талаштуу штатта же Аризона, Жорджия, Мичиган, Невада, Пенсильвания, Түндүк Каролина жана Висконсинде алдыда баратат.
CNNдин маалыматы боюнча Аризонада Дональд Трамп 49,8 пайыз добушка ээ болду. Демократтардан талапкер Камала Харрис 49,3 пайыз добуш алды. Бюллетендердин 52 пайызы иштелип чыкты.
Жорджияда Трамп 50,7 пайыз, Харрис 48,4 пайыз добушка ээ болду. Бюллетендердин 93 пайызы иштелип чыкты.
Мичиганда Трамп 51,3 пайыз, Харрис 46,9 пайыз добуш алды. Бюллетендердин 44 пайызы иштелип чыкты.
Невадада Трамп 73 пайыз, Харрис 26,2 пайыз колдоо тапты. Бюллетендердин 2 пайызы иштелип чыкты.
Пенсильванияда Трамп 51,2 пайыз, Харрис 47,7 пайыз добуш алды. Бюллетендердин 83 пайызы иштелип чыкты.
Түндүк Каролинада Трамп 50,8 пайыз, Харрис 47,8 пайыз колдоого ээ болду. Бюллетендердин 90 пайызы иштелип чыккан.
Висконсинде Трамп 50,8 пайыз, Харрис 47,6 пайыз добуш алды. Бюллетендердин 75 пайызы иштелип чыккан.