Нью-Жерси штатынын Жогорку сотуна дайындалган, хиджабчан сот америкалык прокурор Надия Кахф болду. Инаугурация аземинде соттун кийген Надия колуна Куран кармап ант берди.
“Ассаламу алейкум. Мен Кошмо Штаттардагы Нью-Джерсидеги мусулман жана араб коомчулугунун өкүлү болгонума сыймыктанам. Мен жаш муундар ким экенине карабай, коркпой, өз динин кармай аларын айта алам. Ар түрдүүлүк биздин алсыздыгыбыз эмес, биздин күчүбүз»,-деди өз кайрылуусунда.