АКШда Нью-Джерси штатындагы деңиз флотунун курал-жарактарын сыноо станциясынын аймагында белгисиз учкучсуз аппараттардын пайда болушу тынчсыздануу жаратты.
Жергиликтүү ЖМКларга «Аскердик объектке түздөн-түз коркунуч келтирилген учурлар катталган жок. Бирок биз станциянын аба мейкиндигине белгисиз дрондор бир нече жолу кирген учурларды тастыктай алабыз»,-деп билдирди базанын өкүлү Билл Эддисон.
Күбөлөрдүн айтымында, стандарттык коммерциялык моделдерден чоңураак болгон бул учкучсуз аппараттар кечки убакытта учуп баштаган.
Нью-Джерси штатынын губернатору Фил Мерфи маселе олуттуу мамилени талап кыларын белгилеп, штатта стратегиялык объекттер бар экенин айтты.
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп «табышмактуу» дрондорду атып түшүрүү тууралуу буйрук берди.
Ак сарай менен Пентагон дрондор АКШга коркунуч жаратпайт деп билдирди. Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх дрондорду душман үчүн иштеп жатканы боюнча далил жок экенин айтты.