АКШда кыргызстандык айдоочу каза болду

Автор

АКШнын Пенсильвания штатынын Карбон округундагы I-80 (Interstate) штаттар аралык автомагистралында жол кырсыгында 1986-жыл туулган Б.С. аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгынан кийин маркумдун сөөгү мекенине жеткирилет.
Америкалык медианын маалыматында, аталган жолдо оор жүк ташуучу унаа катышкан кырсык 2 күн мурда катталган. Анда айдоочу тракты буруп жатып, даракты сүзүп алып, унаасы күйүп кеткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Таласта төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө

Талас облусунда төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас облусунун фермерлери негизинен төө буурчак (фасоль) өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы отуз жылдан бери селекция жана үрөнчүлүктүн жоктугунан сортту жаңылоо иштери жүргүзүлбөй, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп […]

Сизге жагышы мүмкүн