АКШда бороондон жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Автор

АКШнын Флорида штатында болгон “Милтон” аттуу күчтүү бороондон жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-категориядагы бороон кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 млн тургунду электр жарыгысыз калтырды. Бороон айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүнө олуттуу зыян келтирген.
Маалыматтар боюнча Флорида штатында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 100гө жакын адамды түзөт. Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн КР жарандары жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда.
АКШда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн Элчиликтин төмөндөгү ишеним телефондору аркылуу кайрыла алышат: +1 202 256 2924; +1 312 929 34 42.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин: Ар бир өлкөнүн суверенитетин урматтоо жалпы тынчтыкты камсыз кылат

Жер жүзүндө жалпы тынчтыктын негизги шарты жана кепилдиги – бул ар бир өлкөнүн жана элдин суверенитетин жана кызыкчылыктарын урматтоо. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн «Заманалардын жана цивилизациялардын байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» эл аралык форумунда билдирди. «Биз ишенебиз, жалпы тынчтык жана ар тараптуу өнүгүү […]

Сизге жагышы мүмкүн