АКШда алдына ала добуш берүүгө 78 миллион адам катышты

Автор

Ишемби күнү Флорида университетинин шайлоо процесстер лабораториясы 78 миллион америкалык АКШ президентин шайлоодо добуш бергенин билдирген.
“Алдын ала добуш бергендердин жалпы саны 78 миллионго жетти. Жеке өзү добуш бергендер – 42,6 миллион, почта аркылуу – 35,3 миллион. Почта аркылуу добуш берүү үчүн 67,4 миллион бюллетень суралган”,-деп жазылат лабораториянын сайтында.
АКШнын президенттик шайлоосу 5-ноябрда өтөт. Демократиялык партиядан вице-президент Камала Харрис, ал эми Республикачыл партиядан мурдагы президент Дональд Трамп катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Нурлан Мотуев үй камагына чыкты

Нурлан Мотуев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, соттун чечими менен ал 1-ноябрда үй камагына чыккан. Эске салсак, Нурлан Мотуев расалык, улут аралык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козуткан деген шек менен борбор калаанын милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн