АКШда алгачкы добуш берүү участогу ачылды

Автор

АКШдагы президенттик шайлоодо Республикачылардан талапкер Дональд Трамп жана Демократтар партиясынан талапкер Камала Харрис алгач ачылган шайлоо участогунда үчтөн добуш алышты. Добуш берүү Нью-Гэмпшир штатынын Диксвилл-Нотч аймагында өттү. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.
Шайлоо участогу 5-ноябрь күнү түнкү саат 00:00дө ачылып, алты шайлоочу добуш бергенден кийин бир нече мүнөттө жабылды.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтүп жатат. Ага Харрис жана Трамп талапкер катары катышууда. Шайлоодо алдын ала 78 миллиондон ашык адам добуш берди. Жалпысынан 168 миллион шайлоочу катталган. Эн активдүү штаттар Техас (8,9 миллион добуш), Флорида (8,1 миллион), Калифорния (7,6 миллион), Түндүк Каролина (4,4 миллион) жана Жоржия (4 миллион).

Бөлүшүү:
Next Post

Түркия Кыргызстандын 62 млн долларлык карызын кечти

Түркия Кыргызстандын карызын кечти. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен биргелешкен билдирүүсүндө айтты. Анын айтуусунда, Түркия Кыргызстандын 62 миллион карызын кечкен. Ал жашыл экономикалык долбоорлорго жумшалат. «Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттык сактоо, энергетика, экономика, айыл чарба, санариптештирүү, коопсуздук жана маданият тармактары боюнча маанилүү макулдашууларга кол […]

Сизге жагышы мүмкүн