АКШдагы элчи алмашабы?

Автор

Америкадан кыргыздын бир үлкөн чиновниги үчүн агреман келгени, элчи Бакыт Аманбаевдин башка кызматка которулаары саясий чөйрөдө айтыла баштады. Бирок, ким экени азырынча табышмак бойдон калууда. Бул орун мындан мурда да, биртоп саясатчыга убадаланып, бирок, учурдагы элчи кебелбей орунун сактап калгандыгы, ал эми элчилик кызматка аттангандардын катарында Ахматбек Келдибеков, Курманкул Зулушев жана Акылбек Жапаровдун бар экендиги маалымдалган.
Бакыт Аманбаевдин жакшы иштеп жатканы эл арасында айтылып жатканын эске алганда башка бирөөнү элчиликке аттандырган орунсуз абал жаратат деген көз караштар да жок эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жасалма интеллекти боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтөт

9-10-октябрда Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Саммит жасалма интеллекти боюнча өтөт. Эки күндүк инновациялык иш-чарада түрк тилдүү мамлекеттердин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынн өкүлдөрү, Жасалма интеллекти боюнча алдыңкы серепчилери, бизнес коомчулук, илимий чөйрө жана IT коомчулугунун өкүлдөрү катышат. Саммитте жасалма интеллекти боюнча жаңы […]

Сизге жагышы мүмкүн