Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев студенттерге кайрылып, акча чогултуп, мугалимге бергенди токтотууга чакырды.
«Акча чогултканды токтоткула. Акчаны жакшы окугандар, группанын башчылары чогултат. Алардын акча чогултуп, мугалимге бергени тууралуу маалымат бар. Мен баарын билем. Мени эч ким алдай албайт. Өзүңөрдөн баштагыла, акча чогултпагыла! Муну башка студенттерге да айтып баргыла. Мен да студент болгом, мен чогултчу эмесмин, себеби Орусияда окугам. Эгер буга чейин чогултуп келген болсоңор, токтоткула», — деди төрага.
Камчыбек Ташиев мындан ары билим берүү жаатындагы жетекчилер, ректорлор жана мугалимдерге студенттерден акча чогултуп берген старосталар дагы текшериле турганын айтты.
«Акча чогултканды токтоткула. Эми старосталарды дагы камай баштайбыз. Акча чогултпасын деп айтып койгула”, — деди Ташиев.