Активист эки айга камалды

Автор

“Тууну коргогондук качантан бери кылмыш болуп калган? Мен эч качан кайтпайм. Аягына чейин турам”,- деп билдирди жарандык активист Автандил Жоробеков. Ал кечээ сот залынан журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “мен УКМКга жана ИИМге чакырышып, демилгеңен кайт болбосо, камаласың дешти. Мен кайтпайм, эгер депутаттар тууну өзгөртпөй турган болсо, анда, кайтам деп жооп бердим. Баары бир биз жеңебиз”,- деди ал.
Эскерте кетсек, кечээ Свердлов райондук соту активист Автандил Жоробековду 2 айга камаган чечимин чыгарды. Ал мындай жазаага тууну өзгөртүүгө каршы болгондугу үчүн кириптер болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024: Орусиялык спортчуларга Олимпиадага бейтарап статуста катышууга уруксат берилди

Эл аралык Олимпиада комитети(МОК) орусиялык жана беларусиялык спортчулардын 2024-жылы өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына бейтарап катышууга уруксат берди. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтына жарыяланды. Россия жана Беларус улуттук олимпиадалык комитеттерине тиешелүү желек, гимн же символдор менен байланышкан ар кандай иш-чараларга катышууга тыюу салынат. Эки өлкөнүн спортчулары AIN (Athlete Individuel Neutre; […]

Сизге жагышы мүмкүн