Активист Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан ырасташты.
Акыркы парламенттик шайлоодо Болот Ибрагимов «Эл үмүтү» партиясынан талапкерлигин койгон.
Ал 34 жашта. Ал 2009-жылы «Ататүрк-Алатоо» эл аралык университетин «дүйнөлүк экономика» адистигинде аяктаган.
2009-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «маалыматтык технологиялар» адистигинде окуган.