Бийликтин тарапташтарында өз ара күрөш күч алдыбы?
Кечээ Президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековго активист Азамат Марипов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу оор айыптоолорду такты.
“Сен Раимбек Матраимовдун пиарчысы экениң жана кррупционерлер чогулган “Биримдик” партиясын алга сүрөп жүргөнүң жалганбы”,- деп сурады. Негизи эле Дайырбек Орунбековго асылуулардын күч алганы көптөн бери байкалууда. Бирок, ал токтоолук көрсөтүп, мындай дооматтарга жооп бербей келет. Аны жакшы иштеген жана кайым айтышпаган кадр катары караган жарандар көптүк кылат.