Кечээ Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы камакта отурган Мелис Аспековдун тарткан видеосуна байланыштуу билдирүү жарыялады. Анда мындай деп айтылат:
“Активист Тилекмат Куренов социалдык түйүндөргө жарыялап жаткан Мелис Аспековдун видео кайрылуусу ал өзү айтып жаткандай Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесинде тартылган эмес. Бул видео жаза аткаруу мекемесинен тыш жерде, болжол менен 2022-жылы тартылган. Азыркы кезде Мелис Аспеков №3 түзөтүү колониясында кармалууда”.
Мелис Аспеков видео кайрылуусунда 2020-жылдагы Октябрь окуяларында Раимбек Матраимовдон 3 млн долларды Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде алып, митингге катышкан тарапташтарына жумшалганын, анын 1,5 млн долларын жеке өзүнө жеткирип бергенин айткан. Ошондой эле 2023-2024-жылдардагы окуяларга, тактап айтканда, Камчыбек Көлбаевдин өлүмү менен Райымбек Матраимовдун кармалышына чейин кеп курган.
Бирок, активист айтылган сөздөрүнүн бирөөнө да далил көрсөтө алган эмес.