Актауда авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардан абалы айтылды

Автор

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды.
Ведомстводон билдиришкендей, жабырлануучулардын экөөсүнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылды. Үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу оор. Ал оорукананын реанимация бөлүмүндө адистердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүүдө.
Ошондой эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү.
Белгилей кетсек, бүгүн Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар атайын учакменен Бишкекке жеткирилди.
Эске салсак, 25-декабрда J2-8243 номерлүү Баку – Грозный каттамын аткарып бара жаткан “Азербайжан аба жолдоруна” таандык Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Казакстандын Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта кулаган. Учакта жалпы 67 адам болгон, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар экени маалымдалган. Алардын ичинен 32 адам аман калып, ооруканага жеткирилгени айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору боюнча 12 миң дыйканга насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоору боюнча 27-декабрга карата 4 млрд 850 млн 809 миң сомго 12 миң 83 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 481 млн 720 миң сомго 1 […]

Сизге жагышы мүмкүн