Аксынын кримавторитети кармалды

Автор

Жалал-Абад облусунда Аксы районунун кримавторитети делген адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын дарегине 1967-жылы туулган Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну, өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн, мурда бир нече жолу соттолгон (каракчылык жана опузалоо) К.Р.К аттуу жаран, 2023-жылдын октябрында биргелешкен бизнес жүргүзүү шылтоосу менен ишкерлердин ишенимине кирип, алардын 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражатын ээлеп алгандыгы боюнча ишкерлерден кайрылуулар келип түшкөн.

«Ошол эле учурда, аталган жаран өнөктөштөрдүн кенде көмүрдү биргелешип өндүрүү жана сатуу боюнча мурда кабыл алынган милдеттенмелерин эртерээк аткаруу өтүнүчүнө жооп кылып, физикалык күч колдонуу менен коркуткан. 22-майда кылмыш ишинин алкагында К.Р.К. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, учурда кармалган жарандын Жалал-Абад облусунда ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы аныкталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Акшумкарлар Жалал-Абаддагы “Барселона” академиясында машыгуу өткөрөт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы машыгуу үчүн Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, футболчуларды “Жалал-Абад” аэропортунан шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңшинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, спортчулар жана футболчулардын күйөрмандары тосуп алды. Улуттук курама команда Жалал-Абаддагы “Барселона” академиясында машыгуу өткөрөт. Машыгуу 4-июнга чейин уланат. Белгилей […]

Сизге жагышы мүмкүн