“Аккула” ат майданы экинчи ирет сатыкка чыкты

Автор

11-июлда Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданын сатуу боюнча экинчи аукцион болот. Мындай маалыматты шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
16-майга белгиленген алгачкы аукцион арыз жоктугуна байланыштуу өтпөй калган. “Аккула” ат майданы Термечиков көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан.
Анын аянты 45,73 гектар жерди түзсө, андагы имараттар 1818,5 чарчы метр жерди ээлейт. Көз карандысыз эксперттер анын баштапкы баасы 8,7 млрд сом деп эсептешкен.
“Аккула” ат майданы 3000 орунга ылайыкташтырылып, 1947-жылы курулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө

Ош облусунун Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бардык унаа жолдордо каттам бар. Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн сел жалпы 9 көпүрөнү алып кеткен. Анын 8и калыбына келтирилди. Өлкөнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн