Акжол Махмудовдун Олимпиададагы атаандаштары кимдер? (тизме)

Автор

Грек-рим балбаны Акжол Махмудовдун Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштарынын аттары белгилүү болду.
Париждеги Олимпиадага 77 кг салмакта жолдомо алган балбандар:
1. Кыргызстан – Акжол Махмудов (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2020-жыл), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022,2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2018), Азиянын үч жолку чемиону (2018, 2022, 2023-жыл), бир жолу күмүш уткан (2024-жыл)
2. Азербайжан – Санан Сулейманов (эки жолу дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан (2021, 2023-жыл), Европанын чемпиону (2020-жыл) жана эки ирет коло байгесин тагынган (2021, 2022-жыл)
3. Армения – Малхас Амоян (дүйнө чемпиону (2021-жыл) жана эки жолу коло байгесин уткан (2022, 2023-жыл), Европанын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024-жыл) жана бир жолу күмүш байгесине татыган (2021-жыл)
4. Япония – Нао Кусака (дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2023-жыл), Азиянын чемпиону (2024-жыл)
5. Өзбекстан – Арам Варданян (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2019-жыл), Азия чемпионатында эки ирет коло тагынган (2016, 2018-жыл)
6. Куба — Пена Флорес Йосванис (Пан-Америка чемпионатын үч ирет уткан (2019, 2020, 2022-жыл) жана күмүш (2023-жыл) менен коло (2024-жыл) байгелерин тагынган, Пан-Америка оюндарында эки жолу колого татыган (2019, 2023-жыл)
7. Колумбия – Куэро Муноз Алексис (Пан-Америка чемпионатын бир ирет жеңген (2024-жыл), бир жолу күмүш (2018-жыл) эки жолу коло (2019, 2023-жыл) медалын уткан, Пан-Америка оюндарында эки ирет коло тагынган (2014, 2019-жыл), Түштүк Америка оюндарында бир жолу алтынга татыган (2022-жыл)
8. Алжир – Элкрим Уакали (Африканын үч жолку чемпиону (2020, 2022, 2023-жыл), үч ирет күмүш байгесин уткан (2012, 2014, 2019-жыл), Африка оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү (2019, 2024-жыл), Араб оюндарын бир ирет жеңген (2023-жыл)
9. Египет – Махмуд Халед Абделрахман (Африка оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2024-жыл)
10. Түркия – Бурхан Акбудак (дүйнө чемпиону (2022-жыл), бир жолу күмүш уткан (2021-жыл), Европанын чемпиону (2023-жыл), бир ирет коло байгелүү болгон (2022-жыл)
11. Финляндия – Жонни Сарккинен (23 жашка чейинки балбандар арасында Европа чемпиону (2023-жыл)
12. Казакстан – Демеу Жадраев (дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (2017-жыл), Азия чемпионатында 1 ирет күмүш, 3 жолу коло уткан (2015, 2018, 2019, 2021-жыл)
13. Иран – Амин Явар Кавианинежад (Азиянын чемпиону (2020-жыл), Азия оюндарынын жана Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2023-жыл)
14. Болгария – Айк Мнацаканян (дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси (2018, 2019-жыл), Европа чемпионатында эки ирет коло тагынган (2019, 2022)
15. Бейтарап спортчу – Сергей Кутузов (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2021-жыл)
16. Венгрия – Золтан Леваи (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2022-жыл), Европа чемпионатында күмүш жана коло уткан (2020, 2023-жыл)

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бүгүн, 17-майда саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү аймактарда ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдирди. Маалыматка ылайык, суу шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт. Алар: Аламүдүн суусу – темир жол тилкеси – 7-Апрель – Салиева көчөлөрү. Фрунзе – Курманжан Датка – Шабдан Баатыр – Лермонтов көчөлөрү. […]

Сизге жагышы мүмкүн