Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков өлкөдөгү кадр маселесине кайрылып, районго дайындалган акимдердин 1 жыл ичинде алмашып жатканын сындады.
Эл өкүлү “Акимдер алмаша берип, райондо жумуштар бүтпөй жатат. Анткени, кийинки келгени мурдагы акимдин баштап кеткен иши менен тааныштыгы жок же, аны уланткысы келбейт. Анын үстүнө 10-класс билими барларды директор кылып дайындап жатышат. Маселен, акимиятта аппарат жетекчиси аял болгон үчүн аким аны “сен аялсың мага эркек аппарат жетекчи керек деп иштен кетирип жатыптыр”,- деп билдирди.
Ал башкы прокуратурага да кайрылып, округундагы кээ бир мыйзамсыз иш аракеттер боюнча чара көрүүнү суранды.